Чүй каналындагы тосмодон эркек кишинин жансыз денеси табылды (сүрөт)
Чүй каналындагы суу өткөн тосмодон эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, министрликке Аламүдүн районунун ГЭС-2 айылында жайгашкан Чүй каналында адамдын жансыз денеси суу өткөн тосмодо илинип турат деген маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу барган. Болжол менен 60-65 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин куткаруучулар суудан алып чыгышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.