Чүй жана Бишкекте баңгизат таратууга шектелген жаран кармалды
Баңги заттарды таратууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Ички иштер органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши иликтенүүдө. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында баңги заттарды сатууну уюштурууга шектелген 1984-жылы туулган жаран кармалды. Шектүүнү кармоо жана ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда Toyota үлгүсүндөгү унаасынан баштыкка оролгон өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертизанын корутундусуна ылайык, бул зат кочкул күрөң түстөгү каннабис чайыры (гашиш) экендиги аныкталган. Андан сырткары, алынган маалымат боюнча Бишкек шаарында жашаган Баткен облусунун тургуну ритуалдык ырым-жырымдарды жасап, алдоо жолу менен жарандардын мүлкүн ээлеп алган. Айрым учурда көздөгөн максатына жетүү үчүн коркутуп да жүргөн.
Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Бишкек шаары боюнча уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүзүшкөн. Кармоо иш-чарасы Бишкек шаарынын аймагында жүргүзүлгөн. Кармалган жаранга жогорудагы берене боюнча шектелип жаткандыгы маалымдалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.