SerepTV Logo

Чүйдө бир жумада 4730 жол эрежеси бузулду

Чүйдө бир жумада 4730 жол эрежеси бузулду
Чүй облусунда 1-7-февраль аралыгында айдоочулар тарабынан 4 миң 730 жол эрежеси бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыктан билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын ичинен 47 айдоочу мас абалында болсо, 1 482 айдоочу унааны жогорку  ылдамдыкта айдаган, 40 адам айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкарган. Калган 148 унаа айып короого киргизилген. Ошондой эле башкармалык  жарандарды жол эрежесин бузбоого чакырды.
Unknown Author