SerepTV Logo

"Чыга албай калган". Токтогул ГЭСте суучул каза болду

"Чыга албай калган". Токтогул ГЭСте суучул каза болду
24-сентябрь күнү саат 9:45 чамасында Токтогул ГЭСинде суучул (водолаз) болуп иштеп жаткан Корея  Республикасынын жараны каза болгон. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти. Аталган факты катталып, тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган. Текшерүү учурунда, Кореянын 58 жаштагы жараны 24-сентябрь күнү суу астында тазалоо иштерин жүргүзүп жатып, белгисиз себептер менен суудан чыга албай каза болгондугу аныкталган. Анын жансыз денеси ошол эле күнү табылып, саат 13:50 чамасында суудан чыгарылган. Ал 2020-жылдан бери Токтогул ГЭСинин тереӊдик дарбазасында жүрүп жаткан реконструкциясында суучулдар (водолаз) тобунун бригадири болуп эмгектенип келе жаткан.