Чычкан суусуна 61 жаштагы аял агып кеткен делип изделип жатат
Кечээ, 1-августта саат 18:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымында Мраморный тилкесиндеги Чычкан суусуна 1960-жылы туулган аял киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, жерине Токтогул райондук №97 ӨКБдан 5 куткаруучу жерине жетишип, издөө иштери жүргүзгөн, саат 21:20да кеч болуп калгандыгына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган, Бүгүн 2-август күнү саат 06:00дө издөө иштерине Токтогул райондук №97 ӨККБнөн 10 куткаруучу, Жаны-Жол айыл аймагынан 10 адам жана туугандарынан 20 адам, жалпы 50 адам тартылган.