SerepTV Logo

Чуңкурчакка эс алууга бараткандар жол кырсыкка кабылып 6 адам жаракат алды

Чуңкурчакка эс алууга бараткандар жол кырсыкка кабылып 6 адам жаракат алды
Чуңкурчакка эс алууга бараткандар жол кырсыкка кабылып 6 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Чуңкурчак” эс алуу жайына баруучу жолунда Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен. “Натыйжада 6 адам жаракат алды. Куткаруучулар жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Кырсык болгон жерге 4 куткаруучу тартылган”, - деп айтылат маалыматта.
edita