SerepTV Logo

Чоң-Кемин өрөөнүндөгү ири өрт 5 күндөн кийин толугу менен өчүрүлдү

Чоң-Кемин өрөөнүндөгү ири өрт 5 күндөн кийин толугу менен өчүрүлдү
7-сентябрь күнү Кемин районуна караштуу Кайыңды айылынын түштүк тарабында жайгашкан Кыргыз Ала-Тоосундагы Көк-Жар, Борду коктуларында (Чоң-Кемин жаратылыш паркына тиешелүү) чыккан ири өрт 9-сентябрь күнү саат 17:50дө чектөөгө алынган. Кечээ, 11-сентябрда өрттү толук өчүрүүгө Кемин райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, ошондой эле жергиликтүү тургундардан болжол менен 12 жаран анын ичинен 4 атчан, Токой чарба агенттигинен 20 кызматкери тартылып, өрттү толугу менен саат 18:45те өчүрүштү. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="72189,72191,72188,72192,72190"]