SerepTV Logo

Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция атын тактоого жардам сурайт

Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Милиция атын тактоого жардам сурайт
16-октябрда Бишкектин Кантемиров көчөсүнүн жанындагы Чоң Чүй каналынан болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы адамдын жансыз денеси табылган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов РИИБден билдиришти.  Белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү толугураак. Кийген кийими: кара сызыктары бар жашыл түстөгү футболка, кара түстөгү сыдырмасы бар кофта. Өзгөчө белгилери: жаагынын сол тарабында 6 сантиметр тагы, көптөгөн татуировкалары бар. Эгер сүрөттөгү жаранды тааныгандар болсо, төмөнкү номурлар аркылуу Свердлов РИИБ менен байланышсаңыздар болот. Байланыш номурлары: 0702 49-88-88, 0557 11-94-10, 0776 17-15-15. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="79495,79494"]