Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды
Ленская көчөсүндө жайгашкан Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Куткаруучулар болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Жерине 5 куткаруучу тартылган. Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.