SerepTV Logo

Чоң Чүй каналынан белгисиз аялдын сөөгү табылды

Чоң Чүй каналынан белгисиз аялдын сөөгү табылды
Чоң Чүй каналынан аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалымат боюнча, Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы каналга аял киши (аты-жөнү такталууда) түшүп кеткен. Аталган канал Чоң Чүй каналына кошулуп кетет. Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылган. Издөө иш-чараларынын натыйжасында куткаруучулар тарабынан Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналынан аял кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Unknown Author