SerepTV Logo

Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды

Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы өспүрүмдүн жансыз денеси табылды
Бүгүн, 30-августта Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы өспүрүмдү издөөгө ӨКМдин 10 куткаруучусу 2 кайык менен чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Чоң Чүй каналынан жарандар адамдын сөөгү агып баратканын көрүп, куткаруучуларга маалымат берген. Куткаруучулар аталган жарандын сөөгүн чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. 23-август күнү Көк-Жар айылында Чоң Чүй каналына 2009-жылы туулган өспүрүм түшүп, агып кеткен.