SerepTV Logo

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 2 жаран табыла элек

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 2 жаран табыла элек
Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 2 жаран изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 4-июль күнү Чүй районундагы Жаңы-Турмуш айылынан агып өтүүчү Чоң Чүй каналына 2003-жылы туулган эркек түшүп кеткен. 9-июль күнү жерине издөө ишин улантууга 11 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланышту издөө иштери 10-июль күнү улантылат. Натыйжа болгон эмес. 6-июль күнү Садовое айылынан агып өтүүчү Чоң Чүй каналына 1957-жылы туулган эркек түшүп кеткендиги тууралуу маалымат "102" кызматынан түшкөн. 9-июль күнү жерине издөө ишин улантууга 2 куткаруучу тартылган. Кеч киргендигине байланышту издөө иштери 10-июль күнү улантылат. Натыйжа болгон эмес.