SerepTV Logo

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 11 жаштагы бала куткарылды

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 11 жаштагы бала куткарылды

Бишкекте Чоң Чүй каналына бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Свердлов районунун Осмонкул көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 2010-жылы туулган бала түшүп кеткен. Жергиликтүү тургундар баланы суудан аман-эсен чыгарышып, куткаруу кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми куткаруучулар өз алдынча биринчи жардам көрсөтүп Тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Жерине 5 куткаруучу тартылган.