SerepTV Logo

Чоң Чүй каналына түшүп жатып агып кеткен аял изделип жатат

Чоң Чүй каналына түшүп жатып агып кеткен аял изделип жатат

Чоң Чүй каналынан аял киши изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 14-июнда Бишкектин Элебесов көчөсүндө Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял кишини издөө үчүн ӨКМдин 8 куткаруучусу тартылды. ИИМдин берген маалыматына ылайык, 12-июнда 1985-жылы туулган жаран аталган жерде сууга түшүп жатып агып кеткен. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери "161" куткаруу кызматы жана "112" кызматына кабар беришип, издөө иши жүрүүдө.