SerepTV Logo

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 43 жаштагы кишинин сөөгү табылды (сүрөт)

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 43 жаштагы кишинин сөөгү табылды (сүрөт)
Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, 7-июнь күнү Коммунаров көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына 1978-жылы туулган эркек киши түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин улантуу максатында ӨКМден жалпы 21 куткаруучу тартылган. Кечээ, 10-июнь күнү саат 19:00дө Сокулук районунун Новопавловка айылынын Тынчтык калктуу конушундагы Чоң Чүй каналында жергиликтүү тургундар тарабынан эркек адамдын жансыз денеси табылган. Жерине сууга чөгүп кеткен жарандын туугандары барып, өздүгүн тактап беришкен. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54147,54148"]
edita