SerepTV Logo

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 37 жаштагы жарандын сөөгү бир аптадан кийин табылды

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 37 жаштагы жарандын сөөгү бир аптадан кийин табылды
Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 37 жаштагы жарандын сөөгү бир аптадан кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Бүгүн, 19-июнда Бишкек шаарынын Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял кишинин жансыз денеси табылды. Ал 1985-жылы туулган жаран болгон. Маалыматка ылайык, 12-июнда аталган жаран каналга мас абалында түшүп, агып кеткен. Окуя орун алган күндөн тарта ӨКМдин куткаруучулары тарабынан издөө иши жүрүп келген. Маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан Чоң Чүй каналынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди.