Чоң Чүй каналына 2 адам чөгүп кеткен. Алардын биринин сөөгү табылды
Кечээ, 6-июнь күнү Лебединовка айылынын Гаражный көчөсүндө Чоң Чүй каналына 2 адам чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, айтылган дарекке куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар суудан 1971-жылы туулган жарандын жансыз денесин суудан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Экинчи адамды издөө иштери жүрүп, караңгы киргендигине байланыштуу токтотулган. Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу үчүн 4 куткаруучу тартылды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="52429,52430,52431"]