SerepTV Logo

Чоң-Алайдагы Ак-Суу дарыясында суу тургундар өтүүчү көпүрөнү агызып кетти

Чоң-Алайдагы Ак-Суу дарыясында суу тургундар өтүүчү көпүрөнү агызып кетти

20-декабрда саат 16:00 чамасында Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылында аба ырайы жылуу болгонуна байланыштуу Ак-Суу дарыясында муз ээрип, анын кесепетинен муз аралаш суу дарыянын нугу менен жүрүп, жөө адамдар өтүүчү устундан жасалган көпүрөнү агызып кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жабыркагандар жок жана турак үйлөргө эч кандай коркунуч болгон эмес. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ал жерге барышкан. Жарандарга жана турак үйлөргө зыян келтирбегенин аныкташып, көпүрөнү калыбына келтирүү иш-чаралары айыл өкмөтүнө жүктөлдү.