Чоң-Алайда жүк ташуучу унаадагы контейнер унаанын үстүнө түшүп, 3 киши көз жумду
Чоң-Алай районунда жол кырсыгы катталып, 2 бала жана 1 чоң киши көз жумду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ӨКМден билдиришти.
Кырсык Ош - Сары-Таш - Карамык унаа жолунун 66-чакырымында катталган. Volvo үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын прицебиндеги контейнери карама-каршы жолдо келе жаткан Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаанын кабинасына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 бала - 2018 жана 2016-жылы туулган балдар жана 1986-жылы туулган эркек киши каза болуп, 1 эркек киши жабыркады. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды жана каза болгондордун жансыз денелерин унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="113109,113108,113130,113131"]