SerepTV Logo

Чолпон-Атадагы "Рух Ордо» мамлекетке кайтарылды

Чолпон-Атадагы "Рух Ордо» мамлекетке кайтарылды
Чолпон-Атадагы "Рух Ордо» мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК билдиргендей, 21-ноябрда борбордун ээси С.А.Б. кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу кирешесин адалдоо ишинин алкагында ноябрда камалган.

18-декабрда С.А.Б. Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Рух Ордо» туристтик-экскурсиялык борбору мамлекеттин балансына өткөрүп, республикалык бюджетке 537 миллион сом кайтарылды.