SerepTV Logo

Чолпон-Атадагы "Кейсар" эс алуу борборунда 51 жаштагы жаран сууга чөгүп кетти

Чолпон-Атадагы "Кейсар" эс алуу борборунда 51 жаштагы жаран сууга чөгүп кетти
Чолпон-Ата шаарында жаайгашкан "Кейсар" эс алуу борборунда 51 жаштагы жаран сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБиден кабарлашты. "24-июль күнү саат 14:10 чамасында нөөмөт бөлүмүнө Ош шаарынын 51 жаштагы тургуну "Кейсар" эс алуу борборунда көлгө түшүп жатып чөгүп кеткени тууралуу маалымат келип түшкөн. Жаран Ысык-Көл райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылып, эсине келбей каза болгон. Аталган окуя боюнча экспертизалар дайындалды, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматы.