Чолпон-Атада мөндүр аралаш жаан жаап, сел жүрдү (видео)
Чолпон-Ата шаарында мөндүр аралаш жаан жаап, сел жүрдү. Жергиликтүү тургундар видео менен бөлүшүштү.
ӨКМден кырсык боюнча маалымат беришти. "20-сентябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарындагы жана Бактуу-Долоноту, Темировка, Корумду айылындагы турак үйлөрдүн короолорун жана ички чарбалык жолдорун каптаган. Жерине куткаруучулар, техника тартылган", - дешти.