SerepTV Logo

Чет өлкөлүк студент каза болгон жатаканадагы өрт боюнча милиция текшерүү иштерин баштады

Чет өлкөлүк студент каза болгон  жатаканадагы өрт боюнча милиция  текшерүү иштерин баштады

Свердлов райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт тууралуу маалымат «102» кызматына эртең мененки саат 09:20да келип түшкөн.

Бул факт каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерге барганда жаш жигиттин жансыз денеси табылган. Ал 2004-жылы туулган чет өлкөлүк жаран Я.А. экени аныкталган.

Учурда бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Алардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык процессуалдык чечим кабыл алынат.

perizat