SerepTV Logo

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды

Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган чет элдик жарандар кармалды
УКМК мыйзамсыз миграция каналын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө УКМКнын Чек ара кызматы менен биргеликте кечээ, 20-майда саат 03:30да «Васильевка» чек ара заставасынын жоопкерчилик аймагынан, Казакстан тарабынан мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү аракети учурунда, Пакистандын 6 жараны кармалды.
Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылуу фактысы боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 378 жана 37-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган чет өлкөлүк жарандар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренеси боюнча Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="241829,241830,241831"]