Чаткалда кар көчкү түшүп, 2 эркек кишини басып калды
Кара-Буура - Чаткал унаа жолунда "Глобал Жамгыр Майнинг" компаниясынын кызматкерлери карды атайылап түшүрүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда кар көчкү түшүп, 2 кызматкерди басып калгандыгы тууралуу кабарланган. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Куткарууга компаниядан 5 жүктөгүч, 1 эксковатор жана 100гө жакын кызматкерлер, ӨКМден 5 куткаруучу тартылган. Саат 17:30 чамасында 1, саат 19:15 чамасында 1 эркек кишинин сөөгү табылган (аты-жөнү такталууда). Окуя болгон жерге президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев чыгып кеткен.