Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков жол кырсыгынан каза болду
Бүгүн, 7-июлда Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков жол кырсыгынан каза болду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, ал Чаткал - Кара-Буура жолундагы жол кырсыкта жан берген. Унаада 8 адам болгон. Жанузаков ошол жерде көз жумган жана анын бул кызматка ротация болуп келгенине аз эле болгон. Ал эми Башкы прокуратурадан Жанузаков Бакирдин Мусаевич 54 жаш курагында көз жумганын билдиришти. Ал прокуратура органдарында 2004-жылдан тартып эмгектенип келген:
- 2004-2005-жылдары – Талас облустук прокуратурасынын башкы адиси;
- 2005-2006-жылдары – Талас районунун прокурорунун стажер-жардамчысы;
- 2006-2008-жылдары – Талас районунун прокурорунун жардамчысы;
- 2008-2009-жылдары – Кара-Буура районунун прокурорунун улук жардамчысы;
- 2009-2010-жылдары – Талас облустук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн улук прокурору;
- 2010-2011-жылдары - Талас облустук прокуратурасынын мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2011-2019-жылдары – Талас облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;
- 2019-2020-жылдары – Баткен облусунун прокурорунун орун басары;
- 2020-2022-жылдары – Ат-Башы районунун прокурору;
- 2022-жылдын 20-майынан тартып Чаткал районунун прокурору болуп дайындалган.