Чабанды коркутуп, 50дөй кой уурдаган шектүүлөр кармалды
Панфилов районунда 50дөй кой уурдоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
«2020-жылдын 8-октябрь күнү Панфилов РИИБге арыз менен жергиликтүү жаран кайрылып, 8-октябрга караган түнү сарайына белгисиз адамдар кирип, малын караган адамдарга күч колдонуп, коркутуп, сарайдан 49 баш коюн уурдап кетишкенин билдирген. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 201-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кылмыштын бетин ачуу максатында Чүй ОИИБдин жана Панфилов РИИБдин Криминалдык милиция кызматтары тарабынан ыкчам издөө иш-аракеттери жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында кылмышка шектүү делип үч жаран кармалды. Алар: 1989-жылы туулган Б.Н., С.А. жана ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган 1982-жылы туулган К.З.