SerepTV Logo

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу үй камагына чыкты

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу үй камагына чыкты
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Ал 8-январга чейин  үй камагында болот. Журналисттерге жактоочусу Алманбет Бексултанов билдиргендей, ага Кылмыш-Жаза кодексинин 327-беренеси (бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (массалык баш аламандыктар) алмаштырылган. Замирбек Шамшидин уулу 21-сентябрда УКМК тарабынан кармалганы айтылган.