SerepTV Logo

"Бычактап, дарыяга ыргыткан". Оштогу аэропортто адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

"Бычактап, дарыяга ыргыткан". Оштогу аэропортто адам өлтүрүүгө шектүү кармалды
Адам өлтүрүүгө шектүү катары издөөдө жүргөн жаран Ош аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. 26-апрель күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аэропортунан Орусиядан учуп келген учурда Ош шаарынын 1987-жылы туулган тургуну кармалып, тергөө кызматына өткөрүлгөн. Ал дээрлик 14 жыл Орусиянын аймагында жашаган жерин өзгөртүп, жашырынып жүргөн. Шектүү 2010-жылдагы Оштогу июнь окуяларында, 2010-жылы 13-июнда Ош облусунун Кара-Суу районунун 1953-жылы туулган тургунун кылмыштуу шериктери (кылмыштуу шериктери кармалышкан) менен кармап алып, Ак-Буура дарыясынын жээгине алып барышкан. Ал жерде шектүү бир нече ирет алып келген жаранды бычактап, өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, жансыз денени Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберген. Маркумдун жансыз денеси 2010-жылы 19-июнда Өзбекстандын Анжиян облусунун Ходжабад районунун аймагынан табылган. Абал турукташып, кылмышка шектүүлөр аныктала баштаган учурда изин жашырып кеткен. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Адам өлтүрүү фактысы боюнча тергөө-иликтөө иштери уланууда.