Бычак көтөрүп көчө аралаган жаран кармалды
Кечээ, 5-май күнү "Бишкек-Кордай" унаа жолунда бычак көтөрүп көчө аралаган, жашоочуларга кооптуулукту жараткан жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Саат 14:05 чамасында "Бишкек-Кордай" унаа жолунда мас абалындагы киши унаанын терезесин талкалап, бычак менен көчө аралап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Көрсөтүлгөн дарекке барган инспекторлор 1991-жылы туулган жаранды кармап кетишкен. Аталган жаран Аламүдүн РИИБдин тергөө жайына киргизилген", - деп жазылат маалыматта.