SerepTV Logo

"Буту сынып кеткен". Чүйдө кыш заводдун станогуна бутун кыпчытып алган жаран куткарылды

"Буту сынып кеткен". Чүйдө кыш заводдун станогуна бутун кыпчытып алган жаран куткарылды
Чүй облусунда 32 жаштагы жаран кыш заводдун станогуна бутун кыпчытып алган. Бул тууралуу ӨКМдан маалымдашты. Маалымат ӨКМ кызматына түшөр замат куткаруучулар Сокулук районунун Орок айылында жайгашкан кыш заводуна саат 03:56да келишкен. Ишканадагы топурак майдалаган станокко 32 жаштагы жарандын оң буту кыпчылып сынып калган. Куткаруучулар саат 03:56да жетип, бутун станоктон чыгарып, "Тез жардам" кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришти.