SerepTV Logo

"Бут кийими суу жээктен табылган". Жети-Өгүздө аял изделип жатат

"Бут кийими суу жээктен табылган". Жети-Өгүздө аял изделип жатат
Жети-Өгүздө аял киши дайынсыз болуп, куткаруучулар тарабынан изделип жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, 1-август күнү саат 8:00 чамасында Кызыл-Суу айылынын тургуну 1951-жылы туулган аял кишинин бут кийими Чоң Кызыл-Суу суусунун жээгинен табылып, өзү дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Жети-Өгүз районунун Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу 1 дрон аппараты менен жана РИИБден 14 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам тартылып, учурда издөө иштери жүрүүдө. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="247584,247585"]