SerepTV Logo

Бул жылы сууга чөгүп каза болгон балдардын саны өстү

Бул жылы сууга чөгүп каза болгон балдардын саны өстү
2021-жылдын башынан бери өлкө аймагында 28 адам сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, 28 адамдын ичинен он экиси эркек киши, экөө аял, тогузу 12 жашка чейинки бала, бешөө 18 жашка чейинки өспүрүм болгон. “2020-жылдын ушул учурунда сууга 19 адам чөгүп кеткен. Анын ичинен 12 эркек, 1 аял, 12 жашка чейин 5 бала, 18 жашка чейин бир өспүрүм каза болгон. Көрсөткүч айтып тургандай, балдардын саны жогору болууда. Учурдан пайдаланып, ата-энелерге сууга түшүүнүн эрежелерин сактоо менен иш алып баруу керектигин эскертким келет”, - дейт Шамырканов.
Unknown Author