SerepTV Logo

Дайынсыз болуп жаткан 49 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды

Дайынсыз болуп жаткан 49 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды
7-февралдан бери дайынсыз болуп жаткан 1972-жылы туулган эркек кишинин жансыз денеси Чоң Чүй каналынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, жоголгон жарандын бут кийими каналдын боюнан табылгандыгына байланыштуу, туугандары ӨКМге Чоң-Чүй каналын бойлой издеп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. “18-февраль күнү издөө иштерин жүргүзүү үчүн саат 08:30да ӨКМден жалпы 18 куткаруучу тартылып, саат 10:40та маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,- деп айтылат маалыматта.
edita