SerepTV Logo

"Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?". Милиция өспүрүмдөрдү тапты

"Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?". Милиция өспүрүмдөрдү тапты
Буга чейин социалдык тармактарда Мурас-Ордо конушунда 2008-2009-2011-жылы туулган өспүрүмдөр сабалды деген видео тараган. Видеодон өспүрүмдөргө кол көтөрүп, «Бөтөн райондо эмне жүрөсүң?» деп жатышканын угууга болот. Биринчи май райондук милициясы маалымат берип, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгонун билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө 2009 жана 2012-жылы туулган өспүрүмдөр аныкталып, Тергөө кызматына жеткирилген. Ошондой эле алардын мыйзамдуу өкүлдөрү да чакыртылган. Учурда окуя боюнча текшерүү иштери улантылып жатат, анын жыйынтыгы менен укуктук баа берилет жана чаралар көрүлөт.
edita