SerepTV Logo

Бостериде 18 жаштагы жигитти аквапарктын суу соруучу түтүкчөсү соруп кеткен. Жансыз денеси чыгарылды (сүрөт)

Бостериде 18 жаштагы жигитти аквапарктын суу соруучу түтүкчөсү соруп кеткен. Жансыз денеси чыгарылды (сүрөт)

Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатынын аймагындагы көлдөн аквапарктын суу соруучу 500 мм диаметрлик түтүкчөсү 2003-жылы туулган жигитти соруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине ӨКМдин Ысык-Көл райондук бөлүм башчысынын жетекчилигинде 4 куткаруучу, Ысык-Көл айыл аймагынан 1 экскаватор, ИИМден 30 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, түтүкчөнү кесип маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="66130,66131,66132"]