Боомдогу автобустардын жол кырсыгынан кийин Кеминдеги ооруканага 6 адам жеткирилди
Боом капчыгайында автобустардын катышуусундагы жол кырсыгынын кесепетинен 6 адам Кемин районунун жалпы медициналык практикалык борборуна жаткырылды. Бул тууралуу журналисттерге аталган борбордун директору Алмаз Назарбек уулу билдирди.
Жаракат алгандардын арасында 2 бала бар. "Абалы туруктуу, оор учурлар жок",- деди ал.
Бүгүн, 11-июлда Бооп капчыгайында автобустардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, автобустар балдарды Ысык-Көлдөгү лагерден алып чыккан.