Боом капчыгайындагы сел унаалардын жүрүшүн татаалдатып жатат
Бүгүн, 12-июлда Боом капчыгайында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел жүрдү. Социалдык тармактын колдонуучулары жеринде тартылган сүрөттөр менен бөлүшүп жатышат.
Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу баткакка айланган. Мындан улам транспорттун кыймылы татаалдап жатат.
https://youtu.be/bNr3NJ_3K9I