Боом капчыгайында сел жүрүп, жолду жууп кетти. Учурда жол эки тараптуу жабык (фото, видео)
30-июль күнү Боом капчыгайында жүргөн селге байланыштуу Кемин районундагы жол эки тараптуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
- Чүй облусунун Кемин районунда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен
Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 128-129 чакырым аралыктарында сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жабып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык. Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулары жана Балыкчы шаардык N 19 ӨКБдан 5 куткаруучу, N 32 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Кошумча маалымат берилет.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="129678,129679,129680,129681"]