SerepTV Logo

Боом капчыгайында кайра сел жүрүп, жол бир тараптуу жабылды (фото, видео)

Боом капчыгайында кайра сел жүрүп, жол бир тараптуу жабылды (фото, видео)
Бүгүн, 1-август күнү Боом капчыгайында кайра сел жүрүп, жол бир тараптуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. - Алдын ала маалымат боюнча, саат 14:30 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен Боом капчыгайында тоодон түшкөн сел суулары Бишкек-Балыкчы-Каракол унаа жолунун 145-146-чакырымы жана 155-156-чакырым аралыктарында 2 тилкеден сел суулар түшүп жолду каптаган. Учурда жол бир тараптуу ачык. Жерине тактоо жана тазалоо иштерин жүргүзүүгө 3 куткаруучу, 2 грейдер, 2 жүктөгүч тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп жазылат маалыматта. Эске салсак, 30-июль күнү да аталган аймакта сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылып, 31-июлда ачылган эле. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="129862,129863,129864"]