SerepTV Logo

Боом капчыгайында жол кырсык катталды

Боом капчыгайында жол кырсык катталды
Боом капчыгайында оор жүк ташуучу унаа жолду бөлүп турган бетонду сүздү. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, кечээ, 8-ноябрда көмүргө толтурулган КамАЗ үлгүсүндөгү унааны Жумгал районунун тургуну башкарып бара жаткан. Болжол менен саат 14:15 чамасында бетонго урунган. Жаракат алгандар, көз жумгандар жок.