Боом капчыгайында бир нече автобус сүзүшүп, балдар жаракат алды (видео)
Бүгүн, 11-июлда Боом капчыгайында бир канча автобус кагышты. Бул тууралуу айрым маалымат булактар видео, сүрөттөр менен маалымат таратышууда.
Маалымат боюнча, жабыркагандардын арасында балдар бар. "Учурда Тез жардам кызматы иштеп жатат", - деп билдирет окуяга күбө болгондор. Автобустагы балдар Ысык-Көлдөгү лагерден эс алуудан келе жатышканы айтылууда.
Бул окуя боюнча Чүй жол кыймылын көзөмөлдөөчү башкармалыгы маалымат бере элек.
[playlist type="video" ids="63501"]