SerepTV Logo

Болот Темировдун командасында иштеген 4 журналист үй камагына чыкты

Болот Темировдун командасында иштеген 4 журналист үй камагына чыкты
Болот Темировдун командасында иштеген 4 журналист үй камагына чыкты. Алар Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Сайпидин Султаналиев жана «Temirov Live» каналынын мурдагы кызматкери Максат Тажыбек уулу. 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 11 журналистти камакка алган. Алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (массалык баш аламандыкка чакыруу) боюнча шектелүүдө.