SerepTV Logo

Болот Темировдун командасында иштеген 11 журналист камакта калтырылды

Болот Темировдун командасында иштеген 11 журналист камакта калтырылды
16-январда ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилип, сурак берген 11 журналисттин баары СИЗО-1ге камакта калтырылды. Алардын бөгөт чарасы бүгүн, 17-январда каралды. 1. Махабат Тажибек кызы; 2. Сапар Акунбеков; 3. Азамат Ишенбеков; 4. Сайпидин Султаналиев; 5. Актилек Капаров; 6. Тыныстан Асыпбеков; 7. Максат Тажибек уулу; 8. Жоодар Бузумов; 9. Жумабек Турдалиев; 10. Айке Бейшекеева; 11. Акыл Орозбеков. Кармалгандар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүмү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) менен айыпталып жатышат.