Болот Темировдун иши. Айыпталуучу күнөөнү мойнуна алган жок
Бишкектин Свердлов райондук сотунда журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук отурум башталды. Процесске судья Акылбек Адимов төрагалык кылууда.
Тергөөнүн версиясы боюнча, Болот Темиров Кыргызстандын жаранынын паспортун мыйзамсыз алып, ошондой эле жасалма аскер билет алган. Прокурордун айтымында, ал бир нече жолу жасалма паспорт менен чет өлкөгө мыйзамсыз чыккан. Кошумчалай кетсек, Болот Темиров баңгизатын мыйзамсыз сактаган деп да айыпталууда.
“Мен күнөөнү моюнума албайм. Иштер бурмаланган жана жасалма деп эсептейм. Эртеби-кечпи, бул фальсификацияга катышкандардын баары өз жазасын алышат», - деди журналист.