SerepTV Logo

Блогер Гүлзат Мамытбектин иши сотко өттү

Блогер Гүлзат Мамытбектин иши сотко өттү
Блогер Гүлзат Мамытбектин иши сотко өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, соттук отурум 24-декабрда саат 14:00дө өтөт. Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан. Анын Биринчи Май райондук сотунда бөгөт чарасы каралып, 25-ноябрга чейин камакка алынган. Мындан эки күн мурда анын ачкачылык жарыялаганы маалым болгон. Ал кыйноолорду алдын алуу борборуна 14-ноябрда ачкачылык жарыялаганын айткан.