SerepTV Logo

Блогер Гүлзат Мамытбек күнөөлүү деп табылып, сот залынан бошотулду

Блогер Гүлзат Мамытбек күнөөлүү деп табылып, сот залынан бошотулду
Блогер Гүлзат Мамытбек күнөөлүү деп табылып, сот залынан бошотулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, сот кечээ, 24-майда өкүм чыгарган. Ал алдамчылык боюнча күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде Мамытбек абактан бошотулуп, 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынып, сот залынан бошотулган. Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан