SerepTV Logo

Блогер Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта калтырылды

Блогер Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта калтырылды
Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 27-октябрындагы токтому менен блогер Гүлзат Мамытбек 25-ноябрга чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган райондук соттон билдиришти. Маалыматка караганда, ал Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКтын №21 тергөө изоляторунда болот. Гүлзат Мамытбек 26-октябрда алдамчылыкка шектелип кармалган. Анын үстүнөн 7 жабырлануучу арыз жазып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 110 миң доллардан ашкан.