SerepTV Logo

Блогер Эртай Искаков үй камагына чыкты

Блогер Эртай Искаков үй камагына чыкты
Сокулук райондук соту блогер Эртай Искаковдун бөгөт чарасын карап, өзгөрттү. Анын жактоочусу Шердор Абдыкапаров билдиргендей, ал үй камагына чыкты. 14-июлда Селекция айылынын тургундары таза суу маселесин чечип берүү талабы менен Түштүк магистралды тосушкан. Искаков менен эки тургун жол тоскон акцияны уюштурууга катышкан деп шектелип кармалган.