SerepTV Logo

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты

Блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты
Опузалап акча каражатын талап кылууга шектелип жаткан блогер Батмакан Жолболдуева үй камагына чыкты. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад облустук сотунан тастыкташты. "Жалал-Абад шаардык сотунун тергөө судьясынын 22-февралындагы токтому менен УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын ергөөчүсүнүн өтүнүчү жарым-жартылай канааттандырылган. Шектүүгө карата 8-февралдагы токтому менен камакка алуу бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тандалган. Ал 26-мартка чейин үй камагында болот. Ал сот залынан бошотулду",- деп айтылат маалыматта.